Menu

Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматты четке кагууда.

Буга чейин “Марал” радиосуна берген маегинде Алмамбет Шыкмаматов, анын маалыматы боюнча, Аскер прокуратурасы ага жана “Чоң Казат” партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге кылмыш ишин козгогон.

“Алар мага жана Жапыкеевге каршы иш козгошту. Кылмыш иши козголгону жөнүндө өздүк булактарым айтып беришти”, – деди ал.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул билдирүүнү четке какты. Алардын айтымында, Башкы жана Аскер прокуратурасы аталган саясатчыларга иш козгогон жок.

Эске салсак, 5-октябрдагы окуялардан кийин башаламандыктын жана бир катар аткаминерлердин кызматтан кетишинин натыйжасында Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп калды деген маалымат ММКларда тараган. Бирок кийинчерээк ал маалыматты четке какты. Анын айтымында, Башкы прокурор жокто анын ыйгарым укуктарын анын орун басарлары аткарышат. Кийинчерээк, нааразы болгон эл Сыймык Жапыкеевди Башкы прокурор деп жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: