Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетиши боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын пресс-катчысы Толгонай Стамалиева 24.kg агенттигине билдирди.
Бүгүн экс-премьер-министр Феликс Кулов, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин экс-спикерлери Өмүрбек Текебаев жана Абдыганы Эркебаев сүйлөшүүлөргө кошулуп жаткандыгы тууралуу белгилүү болду. Алар азыр президенттин кызматтан кетишине каршы. Кырдаалды жөнгө салууга катышкандардын айтымында, өлкөнү туруктуу жашоо режимине кайтаруу эң биринчи кезекте турат. Кыш келе жатат, коронавирустун экинчи толкуну активдүү баскычында, экономика катуу кысымга алынып жатат – бул маселелердин бардыгы туруктуулук шартында эрте чечүүнү талап кылат.
Толгонай Стамалиева бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Белгилей кетсек, кечээки сүйлөшүүлөргө Садыр Жапаров тараптан Сооронбай Жээнбеков кетиши керек деген позицияны карманган депутаттар Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана Камчыбек Ташиев катышкан. Президент тараптан сүйлөшүүлөргө аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, мамлекет башчынын кеңешчиси Мурат Шайымкулов, аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана пресс-катчы Толгонай Стамалиева катышкан.
Садыр Жапаровду 90 депутаттын добушу менен премьер-министр болуп шайланган, ал өкмөт башчы катары пресс-конференция берип, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президенттин отставкага кетүү маселеси жакынкы аралыкта чечиле турганын белгилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ