Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков өз кызматынан отставкага кеткенин расмий жарыялады. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы анын элге кайрылуусунун текстин таратты.

“Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар.

Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим.

Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой,  менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда.

Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун   болуусуна жакындап калды. 

Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат.

Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. 

Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү.

Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам.

Мен бийликке тырмышып калган жокмун.

Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт.

Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым”, – деп айтылат кайрылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков КР Президенти болуп 2017-жылы 15-октябрда шайланып, кызматына киришкен. Туптуура 3 жыл толгон күнү ал отставкасын жарыялады. Анын отставкага кетишине жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтарынын басымы чоң роль ойноду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: