Menu

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок

Бөлүшүү:

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Дорит Ницанга шилтеме берип, РИА Новости агентгиги жазды.

«Коронавирустун баардык түрүн жана формаларын изилдеп көргөнүбүздө, дүйнөдө пандемиянын экинчи толкунунун башталганы байкалган жок. Болгону айрым өлкөлөрдө көбөйүп жатат. Ошол эле учурда вирус азайып калган мамлекеттер дагы жок эмес» деди адис.

Ницандын айтымында, көпчүлүк адамдар бул оорунун канчалык кооптуу экенин дагы деле сезе элек. «Дүйнөдөгү адамдардын беш гана пайызы вирустун оор формасына кабылды. Бирок катуу ооруп, сакайгандан кийин дагы ден соолугун калыбына келтире албай жүргөндөр арбын. Андыктан сак бололу» дейт ДССУ өкүлү.

Эске салсак, ушул жылдын 11-мартында дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган. Джон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, жер жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 38 млн. 066 миң 297ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты. Акыркы күндөрү биздин өлкөдө дагы коронавирустан кайрадан өлүм катталып жатат.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: