“Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу Референдум аркылуу жасалыш керек” дейт, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Ошондой эле ал журналистгердин суроолоруна жооп берип жатып, “Бул маселе жалпы элдин катышуусу менен чечилгени оң. Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу маселеси кошумча иштеп чыгууга муктаж. Демилгени эл менен талкуулаш керек. Чечимди Жогорку Кеңештин 120 депутаты же президент эле кабыл алып койбой, мүмкүн, референдум өткөрүү керек» деген пикирин билдирди. Ошентип учурда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча бийлик тарапта чоң демилге башталгансыды. Бул демилгенин аткаруучулары болуп, ЖКнын депутатгары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев шымалана киришишти. Арты кандай болоор экен. Минте беришсе күздө бир балээ болот окшоп калды. Атамбаев да жөн жатпай, чабуулга өтөт го.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ