Бул тууралуу 13-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүү жүргүзүп, маалыматты сыртка чыгарган Мониторинг борборунун эки кызматкерин жумуштан алды.
ММКларга 01KG 578 ACD мамномуру бар “Мерседес” автоунаасынын сүрөтү жарыяланып, маалымат менен иштөөнүн эрежеси одоно бузулган.
Өз милдеттерин так аткарбай, эреже бузуп, маалыматты кызмат үчүн пайдаланбай, сыртка чыгарып, өзүм билемдик кылган мониторинг борборунун операторлору А.А. менен К.К. жумуштан айдалып, кылмыш иши козголуп олтурат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ