КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков КР Транспорт жана жолдор министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Бакыт Бердалиевди тааныштырды.
Биринчи вице-премьер-министр КР Президентинин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Бакыт Бердалиев КР транспорт жана жолдор министри болуп дайындалган.
Артем Новиков жолдор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизи, ошондуктан жаңы министрдин алдында министрликтин натыйжалуу ишин камсыз кылуу менен ага көрсөтүлгөн ишенимди актоо милдети тургандыгын белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр Бакыт Бердалиев министрликтин ишин өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт, ошондой эле пландаштыруу тутумуна, жолдорду куруу жана оңдоо боюнча долбоорлордун сапатын көзөмөлдөөгө жаңы ыкмаларды колдонорун ишенээрин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ