Бүгүн, 31-январь күнү Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өтүп жатат. Бүгүнкү отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык” үналгысынын жетекчилери чакырылган.
Отурумда комиссия мүчөлөрү “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов Прагада болгонуна байланыштуу ал менен скайп аркылуу суроо берерин айтышкан.
Мындан көп өтпөй эле “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов Фейсбук баракчасына пост жазып, онлайн байланыш аркылуу суроого жооп берүү даяр экенин билдирген.
“Депутаттык комиссиянын жыйынында суроо берилди: “Андан тышкары жакын арада Кыргызстанга барып, депутаттарга көзмө-көз, түз жолугуп жооп бере алам” – деп билдирүү калтырган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ