Ички кызматтын полковниги Эгембердиев Аскат Раимжанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 13-октябрда КР Премьер-министри С. Жапаров кол койгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин А. Эгембердиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.
Аскат Раимжанович 1968-жылы Бишкек шаарында туулган, жогорку билимдүү. 1987-жылдын 26-августунан 1989-жылдын 30-майына чейин милдеттүү түрдө аскер кызматын өтөп, 1993-жылдын 30-ноябрынан баштап ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган.
Ал Жаза аткаруу тутумунда 1996-жылдан бери кызмат өтөп, ар кандай кызматтарды аркалап келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ