Menu

Даниэл Кадырбеков, саясат таанучу: “Али Токтакунов журналист эмес, ал ууру Атамбаевдин буйрутмаларын аткарып, бийлик органдарын дискредитациялады”

Бөлүшүү:

Япониядагы Кобэ университетинин бүтүрүүчүсү, саясый илимдердин магистри Даниэл Кадырбеков өзүнүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасында “Азаттыктын” мурунку журналисти Али Токтакунов тууралу жаңы пост жазды. Ага Токтакунов каяша кылып, экөөсү кайым айтыша кетишти.

Даниэл Кадырбеков: Ай Али Токтакунов, сен өзүңдү жана иликтөөлөрүңдү жаманатты кылдың. Атамбаев менен бир сценада катарлаш турасын! Демек сени ууру Атамбаев Эля Алканова сыяктуу эле сатып алып, Сокени сен аркылуу дискредитация кылды!

Көрсө сени “Азаттыктан” жумшартып айтканда кетип калууңду суранышкан. Бизде кандай гана кара ниет адамдар бар!

Бул кандай көрүнүш? Али менен анын иликтөөсү жана бедели тебеленди, ал журналист эмес, ал ууру Атамбаевдин буйрутмасын аткарып, бийлик органдарын жаманатты кылды. Анын жасаган иши нормалдуу дүйнөдө, эмоцияга алдырбай караганда ушундай кабыл алынат. Натыйжада мамлекеттик төнкөрүш уюштурулуп, бийликти күч менен тартып алышты.

Али Токтакунов: Даниел, менде да тил бар. Айтканда катуу айтам, көңүлүнөн кеткис кылып сындырам. Бирок жөнү жок колдонбойм. Толук маалыматка ээ болбой туруп уу тилди агытканды коюңуз.

Даниэл Кадырбеков: Айтып сындырчы, угуп жатам. Түшүндүрчү. П.С. Силердин колунарда келгени ушу популизм, жана зөөкүрлүк менен күч колдонуу. Андан ашык эч нерсе күткөн эмесмин.

Али Токтакунов: Башкалар Твиттерде жок жалгыз мага асылып атасыз го. Мен эч бир саясатчы тарабында эмесмин. Аянтта эч кимди колдобосумду айтып, баарын талап-тоноочулукту токтотуу үчүн мыйзамдуу бийликти орнотууга чакырып туруп басып кеттим. Атамбаев менен Форумдан келгеним жок.

Баары үйүндө бугуп жатканда айрым жарандык активисттер чыгып, калыс пикирди айттык. Бирок кагылышты токтото албадык. Инилерим достору менен күнү түн Бишкекти кайтаргандардын арасында болду.

Даниэл Кадырбеков: Башкаларга ишенич жок, алардын барар жери бир Али. Сен жаңы багытта иликтөө, жаңыча көйгөй чечүү жолдо кетип жатат деп ишенгем. Бирок тилекке каршы сен деле алардай, кыска ойлук кылдың, күч менен, каразгөйлүк менен чоң ишти буздуң. Убакыт таразалайт. Болгону менин ишеничим кетти.

Али Токтакунов: Кайсы күч? Мен бир жерди басып алдымбы? Бирөөнү сабаттымбы? Муштумумдан башка куралым жок. Акыл-эсиңиз ордундабы?

Журналисттик иликтөөлөрүбүз бейтарап, так жана эч бир саясатчынын кызыкчылыгын көздөгөн эмес. Аны сиз жакшы билесиз.

Даниэл Кадырбеков: Өзүң үчүн туура деп тапсаң, болду. Мен өз ойумда калам азырынча.

Али Токтакунов: Сизге кептин мааниси эмес, көрүнүш маанилүү болсо өз эркиңиз.

Даниэл Кадырбеков: Мен сенин митингде сүйлөгөн сөзүңдү, эмне деп айтканыңды уктум. Ал жерде сенин эмне кылганың маанилүү эмес, сен Раим Миллионду жараткан, 7 жыл аны пайдаланган, оппоненттерине каршы төңкөрүш уюштурган ууру менен бир катарда турдуң, бул сенин бүт иликтөөлөрүңдү дискредитация кылат. Бул сага жана сенин тарапкерлериңе жагабы же жокпу баары бир чындык ушундай…

Али атамбаевдей эле алдамчы болуп калыптыр. Ушул ууруларды чыгарыш учун бийликти басып алдынарбы?

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: