Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.
Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арыз жолдоно турганын билдирди. Ал Ибраимвду камакта калтыруу чечими мыйзам бузуулар менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрө турганын белгиледи.
Ушул эле күнү Ибраимовдун 150-200гө чукул тарапкерлери соттун имаратынын алдына чогулушту.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Албек Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда “270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деп шектелип жатат.
Мындан тышкары ага 23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбы угузулган. Маалыматка караганда, Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында тагылды.
Бир нече кылмышка шектелген Ибраимов 19-июлда кармалган. Ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат.
Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ