Menu

Бишкек COVID-19дун экинчи толкунуна даярданууда

Бөлүшүү:

Борбор калаа коронавирустун экинчи толкунуна даярданууда. Күндүзгү жана түнкү стационарлардын ишин шаардык мэрияда COVID-19 жайылышына каршы күрөшүүгө катышкан бөлүм башчыларынын жумушчу кеңешмесинде талкууланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте 1 173 орундуу 20 оорукана даяр. Алар медициналык персонал, шаймандар, коргоонуучу костмдар менен толук камсыз болушкан.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, борбордун башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев эпидемиологдор ооруканалардагы санитардык нормалардын сакталышын текшерүү үчүн баргандыгын жана ачылышы боюнча корутунду берүүгө даяр экендигин билдирди.

Биргелешкен үй-бүлөлүк медицина борборлоруна райондук акимчиликтер менен үй-бүлөлүк медицина борборлоруна COVID-19 бейтаптарын аныктоо жана дарылоо боюнча өз ара аракеттенүү алгоритмин жаңыртуу тапшырылды. Эми жергиликтүү аймактык башкармалыктар ар бир кварталда, ар бир райондо өз ишин күчөтөт, ошондо жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлерден баштапкы белгилер пайда болгон учурда өзүн-өзү дарылоонун алгоритми жөнүндө кеңеш ала алышат. Ошондой эле, алар калкты мезгилдүү курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөөнү улантышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: