Menu

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты: “Парламенттик шайлоодон кийин Сооронбай Жээнбеков отставкага кетсе жакшы болмок”

Бөлүшүү:

“Чындыгында, президенттин кандай ой менен кызматтан кеткенин билбейм, бирок ал парламенттик шайлоодон кийин, жаңы өкмөт шайлангандан кийин кетсе жакшы болмок”, – деди бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттерге отставкага байланыштуу комментарий берип жатып.

«Бир жолу сөз бергенден кийин, албетте, кызматтан кетиши керек, бирок азыркы убакытта күтсө жакшы болмок. Бирок биз билбейбиз, балким, кысым болгон. Келечекте аныктайбыз – 5 жылдан кийин тынчыраак болуп калганда, аны өзү айтып берет, анткени айрым саясатчылар анын кызматтан кетүү тууралуу ою жок болчу деп жатышат», – деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээрин жарыялады. Ал эми төрага Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: