Menu

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз сессиясы өтүп жатат.

Сессияга 76 депутат катышууда.

Эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы өзгөчө абал режимин алып салуу маселесин карап, аны алып салууну чечишти.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 5- жана 6-октябрда Бишкекте болгон тополоңдон кийин 10-октябрда Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жогорку Кеңеш бул маселени үч күндүн ичинде карашы керек болчу. Бирок ЖК бул маселени карабагандыгына байланыштуу, президент  борбор калаага 12-октябрь саат 20:00дөн 2020-жылдын 19-октябры саат 07:00гө чейин өзгөчө абалды кайрадан киргизилген. Борбордо саат 22:00дөн 05:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: