Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеш өзүнүн кезектеги жыйынында КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Жыйынга премьер-министр Садыр Жапаров катышып олтурду.
Жыйында Сооронбай Жээнбеков өзү сөз сүйлөп, анын эмгегине тарых баа берерин айтып, айрым бир мүчүлүштүктөргө элден кечирим сурады.
Андан кийин бир нече депутат сөз алып сүйлөп, Сооронбай Жээнбековдун дарегине жылуу пикирлерди жана каалоолорду айтышты.
“Өлкө алдындагы сиздин эмгегиңиз баа жеткис. Сиздин айкөлдүгүңүздөн улам өлкөдө туруктуулук сакталып калды. Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин бардык артыкчылыктарын сактап калышы абзел”, – деп билдирди спикер Канат Исаев.
Акырында Сооронбай Жээнбековду депутаттар кызуу кол чабуулар менен жылуу маанайда парламенттин жыйынынан узатышты. Спикер баш болгон депутаттар аны машинага чейин коштоп жөнөштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ