Menu

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Жумурткадан кыр издеп жатышат…”

Бөлүшүү:

– Абдырахман агай, абалдан чыгуу үчүн Садыр Жапаров менен президент бирдикте иш алып барышы керек деген пикирлер айтыла баштады. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

– Албетте, мындай кырдаалда президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт чогуу кызматташып, өлкөнү кризистен алып чыгуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүлөрү зарыл деген ойдомун.

– Неге депутаттар Садыр Жапаровду шайлоодо кворум болгон жок деп жатышат? Алардын бир билгени барбы же чындап эле кворуму жок жыйын болдубу?

– Бул жагдай жумурткадан кыр издегендей эле нерсе болуп жатат. Ошол эле Мыктыбек Абдылдаев тажрыйбалуу саясатчы гана эмес, убагында өлкөнүн башкы прокурору болуп иштеген абдан билимдүү юрист. Ал кворум
жок жыйынды кантип эле ачык деп жарыялайт эле? Кантип эле, капталдан чыга калып жаткан кээ бир саясатчыларчалык регламентти чечмелей албасын? Бул ызы-чуунун баары баягы эле бийлик талашуунун уландысы. Өкүнүчтүүсү, жараткан кээ бир белгилүү юристтердин саясатка ашыкча аралашып, кырдаалга ар түрдүү, бири-бирине каршы келген сунуштарды айта башташканынан келип чыкты…

– Баса, президентти кызматтан кетүүгө үндөгөндөр өлкөнү коркунучка кептөөгө аракет кылып жатат деген пикирлерге ишенсек болобу?

– Президент өзү “кетем деди” деп жатышпайбы. Бирок, кырдаал турукташып, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт толук кандуу иштей баштаганга чейин андай чакырыктардын зарылдыгы деле жок го…

– Кырдаалдан чыгуунун жолу барбы?

-Кырдаалдан чыгуунун эң биринчи жолу: азыркы бийлик талашып жаткан саясий күчтөрдүн кызуу кандуулукка жол бербей, токтоолук, сабырдуулук менен акыл жүгүртүп, ар кандай кырдаалды курчута турган иш аракеттерден баш тартуусу керек! Ошондой эле укук коргоо, күч органдары өз ишин так аткарып, мыйзам бузгандарды жоопко тартышы керек. Ошондон кийин гана кайра шайлоо болушу мүмкүн.

– Өлкөдөгү башаламандыкка ким жооптуу? Президенттин мындан ары өлкө башчысы 6олгонго укугу барбы?

– Өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга президент баш болуп, баардык бийлик булактары, БШК, жергиликтүү бийлик, күч органдары, кээ бир саясий партиялардын лидерлери да жоопкерчиликтүү. Ошондуктан, президенттин “отставкага кетем” дегени (эгер ошентип айтканы чын болсо), өлкөнүн тагдырын ойлоп, өз жоопкерчилигине туура баа бергендиги катары бааласа болот.

Айкөкүл Мырзабеков

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: