Бүгүн, 16-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Жал кичи районундагы мечитте жума намазын окуду. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактардын бирине тарады.
Сооронбай Жээнбековду жаңы шайланган төрага Канат Исаев жана жан сакчылар коштоп кетип баратышты.
Эскерте кетсек, бүгүн, 16-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан расмий түрдө кетти. Жыйынга чогулган депутаттар аны жылуу маанайда узатышты.
Ал эми президенттин милдетин аткаруучу кызматы премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ