2017-жылдын 19-августунда КР МУКК контртеррористик иш-чаралардын алкагында, КР Кылмыш жаза кодексинин 226-1 (Террористтик ишти каржылоо), 230 (Бандитизм) жана 168 (Каракчылык) беренелери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун(ЭТУ) мүчөсү, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган «Х.Х.»аттуу жаран кармалды. Бул туралуу МУККтун пресс-борбору маалымдады.
Ал жашыруун түзүлгөн ЭТУ террордук тобуна киргендиги аныкталган. Аталган кылмыштуу топ террордук ишти каржылоо жана террордук актыларды жасоо боюнча кылмыш пландарын жүзөгө ашыруу максатында адам өлтүрүү жана талап-тоноочулук үчүн аскердик машыгуудан өткөн. Бул жашыруун террордук топ курал-жарактар жана ок-дарылар менен камсыз болгон.
КР аймагында «Х.Х.» мүмкүн болгон кылмыш байланыштарын аныктоо боюнча комплекстик ыкчам-тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат.
Учурда «Х.Х.» МУКК Тергөө камак жайына киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ