Бүгүн, 12-март күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов спорт агенттигинин макамын көтөрүүнү сунушун айтты.
Ал жакында олимпиада оюндары, дүйнө биринчиликтери, азия оюндары боло турганын белгилеп, Жаштар иштери, дене тарбия, жана спорт мамлекеттик агенттигинин макамын көтөрүүнү айтты.
“Дүйнө жүзү боюнча ар бир мамлекетте Спорт министри деген макам бар. Спорт агенттигине кайрадан Спорт министрлиги макамын бериш керек” – деди депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ