Menu

Фото – Өлкөгө дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алынып келди

Бөлүшүү:

Бүгүн Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору экинчи партия катары алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, 2020-жылдын 5-июлунда биринчи партия менен 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алынып келген, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: