Сооронбай Жээнбековдо экс-президенттин бардык артыкчылыктары сактап калынышы керек. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Эми Сооронбай Жээнбеков экс-президент. Жээнбековдун каталары көп, бирок алар жөнүндө тарых айтат” – дейт Бекешев.
“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, Сооронбай Жээнбеков төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзамдарга ылайык белгиленүүчү эмгек акы;
2) кызматтык туракжай;
3) атайын максаттагы транспорт;
4) атайын кайтаруу;
5) өлкөнүн ичиндеги өкүлчүлүк максаттар үчүн чыгымдарга каражат бөлүү;
6) чет мамлекеттерге барууга байланышкан чыгымдарды жабууга каражат бөлүү;
7) Президентти жана анын үйбүлөсүн атайын медициналык, санаторийлик-курорттук жана тиричилик жагынан тейлөө;
8) мамлекеттик камсыздандыруу;
9) мамлекеттик дача.
“Бирок ошол эле учурда экс-президент саясий ишмердүүлүк менен алектенбеши керек. Сооронбай Жээнбеков жарандардын арасында башын көтөрүп жүрө алат “, – деп жазган ал.
“Башкалар алдыга умтулуп жатканда биздин өлкө артка кетип жатканы өкүндүрөт” – деп кошумчалаган депутат.
https://www.facebook.com/dastan.bekeshev/posts/3323397241047245
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ