Menu

Бейшен Болотбеков, коомдук ишмер: “Мелис Мырзакматовду трайбалист дегендер өздөрү трайбалист”

Бөлүшүү:

Интернет дегениң шумдук нерсе экен го. Бул курган немең туура пикир, так маалымат жазгандар менен катар, болбогонду болду, акты кара деп бурмалаганды кесип кылган бузукулар үчүн да чексиз мүмкүнчүлүк түзүп берет турбайбы. Кээ бир ичи кара, зилинде мандеми бар немелер көрбөй-билбей, укпай-этпей туруп эле каалаган кишисин каалагандай шыбай берсе болот экен да. Муну айтып жатканымдын себеби бар.

Улуттар биримдиги партиясынын негиздөөчүсу Мелис Мырзакматов мындан бир жумадай мурда элдин талабы боюнча чет өлкөдөн учуп келди. Аны тосуп алгандардын ичинде мен да бар элем. Ооба, баарын өз көзүм менен көрдүм. Түнкү саат бир-экилерге чейин туш тараптан келген эл аянтка жыкжыйма болуп турду. Түштүктүн эли түрүлө келген экен деп калдым.

Мелисти аэропорттон тосуп алып, жүздөгөн, балким миңдеген жарандардын коштоосу менен Ош шаарынын чок ортосундагы аны күткөндөрдүн, кел деп чакыргандардын митинги болуп жаткан аянтка алып бардык. Эл башкача тосуп алды. Кабылдоо сезимдери чыңалып турган, миңдеген митингчилердин алдына даап чыгып сөз сүйлөө оңой эмес болучу. Бир сөздөн жаңылуу, жаза басуу абдан опурталдуу болуп турган эле. Бирок, Мелис Мырзакматов ошол селдей каптаган элдин сүрүнөн апкаарып калбай,калайык калктын оюндагысын таап сүйлөдү. Эң керектүү сөздөрдү айтты. Анын узакка сүйлөгөн сөзүнүн негизги өзөгүн Кыргызстандын, кыргыз элинин, кыргызстандыктардын биримдиги, өлкөнүн эгемендиги болду. Ар кандай бөлүнүп-жарылууга жол берилбеш керек экендигин жеткиликтүү тил менен айта алды. Ошентип, селдей каптаган элдин агымын бир-багытка буруп, аларды артынан эрчитүүгө жетишти. Мелистен кийин эч ким микрофон талашып, мен сүйлөйм дей алган жок. Эми таркагыла дегенде ынтымак менен баары заматта таркап кетишти. Атаганат, Бишкекте да ушундай бир уул чыгып, сөзү элге эм болуп, элди артынан эрчите алса деп эңседим.

Мелистин сөзүнө эл көндү, ошондуктан өлкөбүздүн түштүгүндө ошол күндөн ушул күн бир терезе сынган жок. Бийликти басып алгандар кайра легитимдүү жолго түшүштү. Мелис келгенинин эртеси күнү эле, бардык тирешкен күчтөр менен бетме-бет сүйлөшүп, баарын өз-өз ордуна койду. Анын ар бир кадамында өлкөнүн биримдиги, элдин ынтымагы, трайбализмдин көрүнүштөрүнө жол бербөө болду. Деги, трайбализм менен күрөшөм дегендер Мелистей күрөшсүн дээр элем.

Ошого карабай, интернет талаасында аны элди-жерди бөлүп жатат деген көр пенделер да четтен табылды. Аны Матраимовдорго, Жээнбековдорго жабыштырып каралоого аракет кылышты. Биринен бири көчүрүп, ачык каралоо жолуна түшкөндөр болду. Бирок, Алланын акыйкатын караңыз, калптын казаны кайнабасын турмуш өзү тез эле көрсөттү: түштүк эли биримдикте, сабыр менен, жердешчиликке, трайбализмге моюн сунбай, баары орду-ордуна келди. Ушул азбы?!

Мен Мелистин көп жылдан бери ага катары акылдашы, пикирлеши, партиялашы жана кесиптеши катары айтып коёюн, аны трайбалист дегендер өздөрү трайбалист. Ал Матраимовдорго да, Жээнбековдорго да калыс карайт, алар менен эч качан “достошуп” кетпейт, агын ак, карасын кара деп беттерине эле айтат. Мен буга кепил боло алам. Кыргызстандын калкынын теңи жашаган Ош, Баткен, Жалал-Абад облтарынан чыккан активисттерди айткан сөзүнө ынандырып, “жердешчилик” аракеттерин жасатпай жаткан чыгаан уулубуздун артынан ар кандай жаман сөз эрчитпейли, калайык.

Чыгаандарыбызды колдойлу. Алардын мээнетин баалаганга үйрөнөлү.

Бейшен Болотов, коомдук ишмер

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: