Menu

УКМК ККК: Бажы органдарындагы коррупция фактылары аныкталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-октябрда КР УКМК Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы коррупция фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган.

Анын натыйжасында Мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда көрсөтүлгөн убактагы ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: