Menu

Фото – Ички иштер министри Улан Ниязбеков 5-6-октябрдагы окуяда жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

КР ички иштер министри Улан Ниязбеков 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяда жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы менен таанышуу үчүн ИИМдин бейтапканасына барды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин башчысы бейтапканада жаткан бейтаптар менен сүйлөшүп, алардын абалы менен таанышып, кызматын өтөө үчүн тезинен жолдошторунун катарына кошулууларын каалап, бардыгына тиешелүү медицианлык жардамдар жана ар тараптуу материалдык жактан колдоолор да боло тургандыгына убада берген.

Ички иштер министри кызматкерлердин толук сакайып кетишине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшаарын айтып, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирген.

5-6-октярбь күнү өткөн баш аламандык учурунда ички иштер органдарынын 626 кызматкери жарадар болгон.

Анын ичинен учурда 176 кызматкер ооруканада. Калгандары амбулатордук жардам алууда.

ИИМдин Медициналык башкармалыгынын дарыгерлери милиция кызматкерлеринин ден соолугунун жакшырышына жана дарылануусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана тургандыгын белгилешкен.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: