Кадимки курулуш магнаты, «Авангард Стиль» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, өлкөбүздүн эмгек сиңирген курулушчусу Бейшенбек Иманалиевдин ысымы Кочкор районундагы өзү туулуп өскөн Ак-Жар айылындагы жаңы салынган орто мектепке ыйгарылды. Учурда саамалыкты документтештирүү жараяны жүрүүдө. Жергиликтүү элдин айтымында, Бейшенбек Иманалиев өзүнүн киндик каны тамган аймагына көптөгөн материаддык зор колдоолороду көрсөткөн. Азыркы жаңы салынып, ишке берилген мектеп үчүн да өздүк каражатын аябай, ат көтөргүс эмгек өтөгөндүгүн жердештери бир ооздон баса белгилешүүдө. «Элге бергениң текке кетпейт» деген кыргыздын кеби бар. Сасык байлардай болбой Бейшенбек мырзанын эл үчүн кылган жакшылыгы минтип эселеп кайтып жатканы жакшы жөрөлгө эмей эмне?
Ийгилик Болсунбаев
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ