Menu

Орусия менен Кытай БУУнун Сирияга санкция киргизүү резолюциясын колдогон жок

Бөлүшүү:

Орусия менен Кытай уулуу газ колдонгон чабуулдары үчүн Сирияга санкцияларды киргизүү тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоорун колдогон жок.

Батыш өлкөлөрү тарабынан даярдалган документ кабыл алууга зарыл болгон минималдуу тогуз добуш топтой алды. Москва менен Пекин вето коюу укугунан пайдаланышты.

“Бирок резолюция долбоору кабыл алынган жок, анткени ага каршы Коопсуздук кеңештин кеминде бир туруктуу мүчөсү добуш берди”, – деди жыйында төрагалык кылган Украинанын БУУдагы өкүлү Владимир Ельченко.

Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Мэтью Райкфорд Орусия менен Кытай бул аракети менен «дүйнө коомчулугунун БУУга болгон ишенимин кетиргенин» билдирди.

Ал Орусиянын вето койгонуна жана аны Кытайдын колдогонуна нааразы экенин айтты. “Алар бул аракети менен уулуу газдарды дүйнөгө жайылтпоо режимин сактоо боюнча алган милдеттенмелерин бузуп жатышат”, – деди ал.

Кечээ Орусия президенти Владимир Путин Бишкекке болгон сапары маалында Москва Сирияга карата санкцияларды киргизүүнү колдобой турганын айткан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: