Menu

Нур-Султан Кытайдан качып келген шинжаңдык казактарга убактылуу качкын макамын берди

Бөлүшүү:

Казакстан Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулына бир жылдык мөөнөткө качкын макамын берди. Бул тууралуу алардын адвокаты Абдула Бакберген билдирди.

Мусаханулы менен Алимулы былтыр октябрда казак-кытай чек арасынан өтүп, Казакстандын Зайсан районуна барышкан. Алматыга келгенден кийин алар басма сөз жыйынын өткөрүп, Шинжаңдагы мусулмандарга каршы куугунтуктан качканын айтып беришкен. Казак бийлиги аларга «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча айып тагып, быйыл январда бир жылга эрктеринен ажыратылган. Июндун аягында Мусаханулы менен Алимулы Чыгыш Казакстан облусундагы абактан чыкканы кабарланган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы лагерлерде бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: