Кечээ, 18-октябрда КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы Лейлек биримдик коомунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуу алгач Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна багышталып Куран окуу менен башталып, андан соң улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө, жаштардын адеп-ахлагы, тарбиясы жана элибиздин каада-салт, үрп-адатын келечек муундарга ата-бабалар көрсөтүп кеткендей жеткирүүнү сүйлөшүштү.
«Азыр бүткүл ааламга тынчтык керек. Аалам тынчтыкка суусап, эл ортосундагы ынтымак, биримдик жана достук аба менен суудай зарыл болууда. Биз эч качан улут, уруу, айыл, шаар деп бөлүнбөшүбүз керек. Айкөл Манас атабыз: “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деп бекер айткан эмес. Андыктан алакандай эл эч качан бөлүнбөшү керек»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ