Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кастрол май алмаштыруу жайынын аймагы иретке келтирилбей жаткандыктан, СЭИ инпсекторлору тарабынан ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар үч күндүн ичинде иретке келтирүүгө, тазалоого убада беришкен.
Ал эми Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүндөгү “Народный” дүкөнү, ОК күркөсү, Мамлекеттик архив, Айни көчөсү №38 дарегиндеги Чолпон дүкөнү, Москва көчөсүндөгү “Додо пицца”, “Куликовский”, сулуулук салону жана Манас проспектисиндеги “Ложка” ашканасынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин имараттарынын айланалары иретке келтирилип, тазаланган.
Белгилей кетсек, СЭИ тарабынан курчап турган айлананы тазалоо боюнча 320 эскертүү берилген.
70-берене. Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу. Калктуу конуштагы менчик объектисине жанаша жаткан аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу же ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ