Menu

Президенттин м.а. Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча учурдагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери республиканын шаарларында жана райондорунда күн сайын күзөтүү жүргүзүүдө.

Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди күтүп жаткандыгын белгиледи.

“Коомчулук тарабынан ички иштер органдарынын дарегине сын пикирлердин өсүп жаткандыгына карабастан, ИИМ ачык-айкын ишти улантуусу зарыл. Ал биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек», – деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров алдыга белгиленген реформаларды натыйжалуу аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, министрлик алдына бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: