Menu

Видео – Садыр Жапаров Россиянын телеканалына кыргызча интервью берди

Бөлүшүү:

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров “Роосия 24” телеканалына кыргыз тилинде интервью берди. Видеоинтервью кечээ, 19-октябрда жарыяланган.

Анда ал журналисттин президенттик шайлоого катышуу тууралуу суроосуна жооп берип, баш мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катыша албай турганын, учурда парламентте шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын, анын жыйынтыгында мыйзам боюнча шайлоого катышууга боло турган болсо, анда катыша турганын, бирок азырынча бул маселе боюнча чечим кабыл алына электигин белгиледи.

Ошондой эле, ал Кыргызстан менен Россиянын учурда  мамилеси жакшы экенин, келечекте дагы жакшы боло турганын белгиледи. Муну менен бирге, ал Кыргызстан башка мамлекеттер менен бирдей негизде өз ара аракеттенишээрин баса белгиледи.

https://www.facebook.com/nextvchannel/posts/1303323820035322

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: