Menu

Индира Куралбекова ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси кызматына дайындалды

Бөлүшүү:

Индира Куралбекова Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси кызматына дайындалды. Бул тууралуу маалымат парламентте тастыкталды.

Интернеттеги маалыматтарга караганда, ал №4 кесиптик лицейдин директорунун орун басары болгон. Ал 30 жашта.

Индира Куралбекова өткөн шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабында иштеген.

Социалдык тармактарда ал депутаттыкка талапкер экендиги айтылат. Бирок анын аты-жөнү 2015 жана 2020-жылдарга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмелеринде жок.

Буга чейин ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу парламентте спикер алмашкандан кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: