Кыргызстанда кош бойлуу жана төргөн аялдарга жөлөк пул берилет. Жөлөк пулдун берилишин эмгек жана соцөнүгүү органдары көзөмөлдөйт. Кеп кайсыл категорияга киргениңизде:
- Иштеген айымдар, жеке ишкерлер же дыйкан чарбасынын мүчөлөрү.
- Жумушсуздук боюнча жөлөк пул алганга укугу бар, расмий түрдө жумушсуз деп табылган айымдар.
Жөлөк пул берүүнүн негиздери:
– саламаттыкты сактоо уюмдарынан жумушка жөндөмсүз деп берилген кагазга ылайык;
– иштеген жеринен справка, эмгек мамилесинде болгон аялдар үчүн;
Жеке иштер, дыйкан чарбасынын мүчөсү жана расмий түрдө жумушсуз деп табылган айымдар, аларга иү кагазын эмгек жана соцөнүгүү башкармалыгынан алышат.
Жөлөк пулдарды көлөмдөрү:
Иштеген айымдар алгачкы 10 жумуш күнү үчүн айлыктын 100% өлчөмүндө, 11 жумуш күнүнөн тарта айына – 1000 сом;
Алысткы тоолуу аймактарда жашап-иштеген айымдар үчүн бардык жумушчу күндөрү үчүн айлыктын 100% өлчөмүндө;
Юридикалык билими жок жеке ишкер жана дыйкан чарбасынын мүчөсү үчүн 11 жумуш күнүнөн тарта – айына 1000 сом;
Расмий катталбаган жумушсуз айымдарга жөлөк пулдар төлөнбөйт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ