“Мен Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын алгачкыларынын бири болчумун”. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Нариман Түлеев мэрияда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал 2020-жылдын январь айында катуу ооруп калган.
Ошондой эле, Нариман Түлеев агасы коронавирустан каза болгонун айтты. “Мен аны 40 күн мурун жерге бергем” – деди ал.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев борбор калаанын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Азиз Суракматов кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ