Menu

Вице-премьер-министр тарабынан коронавирустук инфекциянын жайылышына чек коюу боюнча бир катар тапшырмалар берилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын жетекчилиги астында Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин республикадагы эпидемиологиялык абал, коронавирустук инфекциянын жайылышына чек коюу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча маалыматы угулду.

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга, аймактык аткаруу бийлик органдарына, саламаттык сактоо тутумунун облустук координаторлоруна жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине, өзгөчө, COVID-19 илдетин жуктуруп алган жарандардын, анын ичинде медициналык кызматкерлердин саны өсүп жаткан Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын мекеме жетекчилерине инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемиянын жайылышынын алдын алууну күчөтүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле вице-премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшкө жана анын алдын алуу ишине тартылган жаңы объектилерди медициналык жабдуулар жана инвентарлар менен кыска мөөнөттө камсыздалышын жыйынтыктоону тапшырды.

«Өзгөчө көңүлдү  коомдук транспортто жана башка оорунун жугуу коопсуздугун жараткан адамдар массалык түрдө чогулган жерлерде  санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосун камсыздоого буруу зарыл», – деди ал.

Кеңешменин соңунда Аида Исмаилова белгилегендей, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен окуучуларды окутуу процессин жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу зарыл. Калк арасында санитардык коопсуздук чараларын сактоо боюнча тийиштүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз негизде жүргүзүү зарыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: