Вице-мэр Алимбек Абдылдаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алимбек Абдылдаев Финансылык полицияга “Бишкектеплоэнерго” коммуналдык ишканасына байланыштуу иш боюнча күбө катары чакырылганы көрсөтүлгөн.
«Вице-мэр маселени ар тараптуу изилдөө үчүн кеңири маалымат берди. Бүгүн Алимбек Абдылдаев жумушта жүрөт», – деп билдирди мэрия.
Муниципалитет Алимбек Абдылдаев 2011-2019-жылдары “Бишкектеплоэнерго” коммуналдык ишканасында иштегенин эске салды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ