Menu

КР Тышкы иштер министрлигиндеги коррупциялык схемалар – “сүтү мол саан уйду” элестетет

Бөлүшүү:

Кыргыз дипломатиясынын көшөгө артындагы жашоосун ачканды улантабыз… Эксперт, юридика илимдеринин доктору, дипломатиялык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси Кайрат Осмоналиев жалтыраган дипломатиялык эшиктердин артында эмне катылганы жөнүндө сөздү бүгүн улантмакчы.

-Мурунку маекте биз ТИМдеги коррупция маселесине кайрылган эмес элек, ал кубулуш барбы?

– Албетте!

-Кайсы жеринде жана кандайча көрүнөт?

-ТИМдин эң коррупциялашкан жери болуп ККД – Консулдук кызмат департаменти болуп саналат. Бул “ыйыктын ыйык жерине” тандалган, “өз” адамдар гана жумушка кире алат, анткени ал жерде өтө дыкаттуу маселелер чечилет.

-Мисалы кандай?

Мисалы, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун берилиши. 2009-жылдан бери аталган департамент жалпы жонунан 6 миң 203 дипломатиялык жана 19 миң 85 кызматтык паспорт берген. Ойлонуп көргүлөчү! Калкынын саны аз Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкөдө мынчалык көп дипломатиялык статусу бар адамдар кайдан чыкты?

-Дипломатиялык жана кызматтык паспорт кандай артыкчылыктарды берет?

-Алар дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө визасыз жүрө алышат. Биринчи кезекте, Кытайда. Бул коммерсант-актаминерлер арасында абдан актуалдуу. Интернет форумдардын биринде дипломатиялык паспорттун баасы 10 миң долларды түзөөрүн окудум. Бул 100% чындык деп айта албайм, бирок бул артыкчылык паспортторунун кимге берилгендиги изилденсе көптөгөн кызыктуу нерселер, анын ичинде криминалдуулары  дагы билинет деп ойлойм.

-Бул убакытка чейин текшерилген эмес беле?

-Күмөнүм бар. Анткени Консулдук кызмат Департаменти – ТИМдин “ыйык саан уйу”. Ыйык, анткени саан уйдай “көп, мол сүт берет” – көптөгөн акча каражаттарын алып келет. Ошол үчүн ал “кол тийбестикке” ээ болгон кызмат. ТИМди башкаргандар бул “саан уйга” чынын айтканда “сыйынышат”. Кээ бир жетекчи кызматкерлерге абдан азгыруучу чет элдик командировкаларга баруу мүмүкүнчүлүгү туш келсе дагы баш тартышат, анткени “саан уйду” кароосуз калтырбоо керек. Жакынкы убакытка чейин аталган департаментте баардыгы сааттай чыкылдап иштеп жаткан.  Ар бир бөлүм өзүнүн каражат чынжырчасындагы макулдашылган ордун билип, кызматтарын так аткарып келген. Кээде чыккан чыр чатактар ылдам эле басылчу. Консулдук кызмат департаментин ошол кездеги министр Эрлан Абдылдаевдин жакынкы тарапкерлеринин бири Эркин Асанкулов жетектеп келген. Айта кетсек, ал абдан ызы-чуусу көп жетекчи болгон: кызматкерлердин айтымында, ал жумушка эрте менен келгени дароо угулчу – уруш, кыйкырык, сөгүнүп сагынуу, кол алдындагыларды шылдыңдоо башталчу. Башкача айтканда, үйдө ким кожоюн экенинин көрсөткөндү жакшы көргөн.

Эркин Асанкулов, ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин мурунку жетекчиси.

Эрлан Абдылдаевдин буйругуна ылайык, департаменттин жетекчиси катары Асанкулов гана дипломатиялык жана кызматтык паспортторду кимге берүүнү чечкен. Жадагалса  министрдин орун басарлары жана ККДнын куратору да мындай укуктан ажыратылган. Менин билишимче, дал ушул Асанкулов ардактуу консулдарды тандоодо, дипломатиялык паспортторду берүүдө, “тобокелдүү өлкөлөрдүн” жарандарына виза берүүнү ишке ашырып келген.

-Баса, визалар жөнүндө…

-Ооба, эң жемкорлукка туш келген практика – визаларды берүү. Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга кирүү визалары. Бул маселе боюнча жыл сайын чыр чатактар чыгат,  ММК булактары дагы жазып чыгат, ТИМ катасын мойнуна алып бирөөлөрдү жазаламыш болот. Жогору кызматтагылар сөгүш алып кутулуп кетишет, ал эми бул ишке тиешеси жок, жогоркулардын оозеки буйруктарын аткарган кенже кызматкерлер кызматтан алынат. Интернетте мындай мисалдарды толтура издеп тапса болот.

Жаза жазасы менен, бирок эн кызыгы, Кытайдын жарандарына берилүүчү визалардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

2015-жылы Кытайдын жарандарына 15 миң 615 виза берилген. Ар  жыл сайын бул көрсөткүч 40-50%га өсүүдө. Андан сырткары биздин ТИМ кытайларга “ишкердик  В2” визасын берет, анын мөөнөтү 1 жылды түзөт. Аталган виза Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөнгө укугу жок чет элдик жарандарга берилет. Эми карагыла, Кыргызстанга келген Кытайдын жараны бир жыл бою иштебей эмне жумуш кылат? Туризм менен алектенеби? Саякаттап, маданий эстеликтерди кыдырабы? Башаламандык! Бул визаларга ылайык жадагалса иштөөгө укугу жок кытайлар Кыргызстанга ИШТӨӨ ҮЧҮН келишет!

-Бирок аталган жумушчу визаларды Мамлекеттик каттоо кызматы КР Миграциялык кызматынан иштөөгө уруксаты бар чет элдик жарандарга берет эмеспи. Андан сырткары визалар УКМКнын макулдашуусу менен берилиши керек да.

– Туура!  Дал ушул себептен улам 2015-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы менен ТИМдин ортосунда чыныгы согуш чыккан. Ошол кездеги министр Эрлан Абдылдаев өкмөткө визаларды берүү жана алардын мөөнөтүн узартуу укугун Консулдук кызмат департаментине өткөрүү  жөнүндө мыйзамды  киргизүүгө аракет кылган Башкача айтканда ТИМ ички миграция тармагына кийлигишкиси келген. Бул аракет  чыр-чатактардан кийин ишке ашпай калган. ТИМдин бул аракетинин максаты дагы коррупцияга байланыштуу экенине мен ишенем. Бул тууралуу сиздердин гезитиңиздер да жазып чыккан.

Дело№ гезитинин архивинен:

“Кыргызстандын ар бир 20чы жашоочусу – кытай болуп калдыбы?!” ушул аталышта биз 2014-жылы декабрда макала жарыялаганбыз.

“Кантип коррупциянын жардамы менен бир дагы ок чыгарбай өлкөнү басып алууга болот?”- деген аталыштагы материалда биз жогоруда айтылган 15 615 берилген визалардын 10 миңин кытайлар Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы божомолдогондой коррупциялык сиситемалар аркылуу алышкан.

Биздин эксперт, каржы полициясынын подполковниги, ошол кездеги КРнын ЭККМКнын коррупциялык кылмыштарга күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Умаров жадагалса бул көрсөткүч дагы төмөндөтүлүп айтылганын билдирген.

“Эгерде чындыкка тике караганда, Кыргызстандагы кытайлардын саны 200 миң адамга жетиши мүмкүн,”- деп билдирген ал.

“Былтыркы жылы, өлкөнүн Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы  күрөшүү менен алектенген укук коргоо органдарына ар бир мекемени коррупциялык схемалардын жоктугуна текшерүү жүргүзүүнү тапшырган. Биздин кызмат башка мекемелер менен катар Тышкы иштер министрлигин дагы текшерген. Биздин изилдөөгө ылайык, ТИМдин ичинен коррупцияга аралашууга эң ыктымалдуу болуп Консулдук кызмат департаменти болуп чыккан.

Бул ыктымалдык ал кызмат көрсөткөн кызматтарага байланыштуу, анын ичинен чет элдик өлкөлөрдүн жарандарына визаларды берүү жана мөөнөтүн узартуу. Мындай коррупциялык схемаларга АКШнын, Жапониянын, Европанын же башка өлкөлөрдүн жарандары аз катышат. Бирок, эң көп катышкандар –  “тобокелдүү зонанын өлкөлөрү”. Булар Кытай, Пакистан, Иран, Афганистан, Түркиянын жарандары. Аталган өлкөлөрдүн жарандарынын максаты – кандай болсо дагы Кыргызстандын аймагына кирип, легализацияланып калуу болуп эсептелет. Алардын бул максаттарын да виза берүү маселелерин чечкен кыргыз аткаминерлери өздөрүнүн байлыктарынын булактарына айлантышкан. Ал эми биздин маалыматтарга караганда, эң чоң жана бай булак болуп Кытайдын жарандары саналат, анткени  ошондой мигранттардын басымдуу бөлүгүн дал ошолор түзөт”.

-Демек, – деп улантат Кайрат Осмоналиев, – бизин жарандар акча табууга башка мамлекеттерге кетишет, ал эми алардын ордун Кытайдын жарандары келип ээлейт. Мен бул саясат көп максаттарды көздөп, алыскы кадамдарын алдына ала эсептеген деп ойлойм. Бул саясаттын тамырын менимче, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Сапар Исаковдун ишмердүүлүгүнөн издөө керек. Ал Кытайдын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөнү жөнүндө күндөн күнгө көп маалыматтар пайда болууда. Түшүнгүлө, мен Кытайдын жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына эч кандай каршы пикирим жок, а бирок биздин, кыргыз кызыкчылыктарын ким коргойт? Башка кыматкерлердин арасында аларды биздин ошол кездеги Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы коргошу керек эле да.

-Биздин мурунку маегибизде сиз иштеген Шанхай саясат жана укук университетинин профессорлоруна биздин консулдук кызмат атайылап виза бербей жатканын айттыныз эле…

-Ооба, кээде ТИМ Кытайдын жарандарына дагы виза берүүдөн баш тартат. Бирок, ТИМдин визалардын берилүүсү жазылуучу журналын карасак өтө кызыктуу нерсени көрүүгө болот. Алардан визаларды ким өз убагында, бир күндүн ичинде алат, ким жумалап күтөөрүн билсе болот. Эми карагыла, виза берүүгө баш тартылган адамдардын ичинен Кытайдын “Чайна Роуд” жана  “Лонг Хай” (жол куруучу компаниялар), “Хуавей” (телекоммуникация), “Зичин” (алтын иштетүүчү), “Джунда” (Кара-Балтадагы нефть иштетүүчү заводу) ишканалардын бир дагы кызматкерин көрбөйбүз, алар ар дайым визаларды эч көйгөйсүз алышат.

Эмне үчүн Кытайдын бул чоң компаниялары жумушчуларды Кытайдан гана алып, жергиликтүү жумушчуларды жолотушпайт?

Эмне үчүн алар иштеген убакыт ичинде биздин колледждерде жол куруучулардын, жогорку чыңалыш байланыштарынын жумушчуларын үйрөтүү боюнча окутуучу топторду түзүшкөн жок?

Жообу айдан ачык. Аларга мунун кереги жок. Демек, ТИМге дагы кереги жок. Тескеринче, Кытайдан жумушчулар келгени үчүн жакшы “сыйлык акча” түшөт деген күмөн жаралат.

Дагы бир өтө кызыктуу маселе: Консулдук кызмат департаменти чет элдик жарандарга Кыргызстандын жарандыгын берүүгө кандай катышы бар?

-Ооба, кызыктуу маселе экен! 

 

Роман Денисов, ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин мурунку орун басары

-Менин билишимче, Афганистандын 99 жаранына мыйзамсыз кыргыз жарандыгын берүү фактысы боюнча тергөө аяктаган. Бул чоң махинацияга ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлеринин түздөн-түз катышы бар болгон. Менин оюмча, бул иш боюнча дагы абдан кызыктуу маалыматтар чыгат. Азырынча бул кылмыш иши боюнча департаменттин жетекчисинин мурунку орун басары Роман Денисов камакка алынган. Ал афгандыктарга Кыргызстанда легалдашууга жардам берип, Европага  кетүүгө көмөктөшкөн. Мыйзамсыз миграция каналын уюштурганга айыпталууда.

Баса, дал ушул чыр-чатактан кийин Эрлан Абдылдаев ККДнын жетекчиси Эркин Асангуловду башка кызматка акырын ТИМдин ички аудит бөлүмүнө которуп койгон. Бирок ал баары бир менин маалыматтарыма караганда, ТИМдин жашыруун коллегиясына кирет.

-Ал эмне деген коллегия?

-Бул Эрлан Абдылдаевге кандай гана маселе болбосун “эшигин тээп” кире алган адамдар, ТИМдеги маселелерди аны менен бирге чече алгандар. Силерге сыр ачайын: ТИМде мени көп адам колдойт жана мени менен көптөгөн маалыматтарды бөлүшүп турушат. Жакында эле ал адамдардан ТИМде ушундай “коллегия” бар экенин уктум. Кандай ойлойсуз, ага кимдер кирет? Тааныш эле адамдар! Мисалы, Биринчи саясий департаменттин жетекчиси Канат Турсункулов. Эсиңердеби, ал учурунда Улуу Британияга контрабанда жолу менен сигарет жөнөткөндүгү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отуруп чыккан.

Бул “коллегияга” Эл аралык укуктук департаментинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Ли дагы кирет. Дмитрий Ли дагы 2012-жылы тамеки контрабандалаганга айыпталып,  Польшанын  Белосток шаарында камакта 1 сутка отуруп чыккан.

Маалымдама

2012-жылы Беларусиянын чек арасына жакын жердеги Белосток шаарында полиция Кыргызстандын Беларусиядагы өкүлчүлүгүнүн эки дипломатын кармашкан. Алардын бири – элчиликтин кеңешчиси Дмитрий Ли болгон. Польшанын Кыргызстанга жиберген нотасына ылайык, аталган дипломаттар Польшага “Ауди” унаасы менен акциздик маркасы жок 1000 блок тамеки алып киришкен. Андан соң алар Белостоктун полиция бөлүмүнүн алдын ала кармоочу жайына отургузулган.

-Дипломатиялык кол тийбестигинен улам Польша полициясы аларды коё берүүгө аргасыз болушкан,- деп улантат маектешибиз Кайрат Осмоналиев. Дмитрий Ли акырын мекенине кайтарылган. Кызматы жагынан ал эч кандай жазага тартылган эмес. Анын үстүнө ал 2014-жылы Бишкекте алкоголдук мас абалында “СД 1809-7” дипломатиялык  номуру бар унаасы менен жол кырсыгын жасап колго түшкөн.

Эркин Асангулов менен Дмитрий Ли

-Ал иш дагы тез эле жабылып калса керек?

-Башында ТИМдеги  этикет боюнча комиссияда териштирүү болгон, иш милициянын сводкасына түшкөн. Бирок андан кийин, ооба, Эрлан Абдылдаев ишти жаап салган. Менин булактарымдын маалыматына караганда, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун телефон чалуусунан кийин.

Ошондой эле ТИМдин ичинде дагы бир чоң чатак жабылган-  Кытайдын 1000 жаранына чыгуу визаларынын УКМКнын макулдугу жок берилүүсү. Бул окуяга катышы бар Консулдук кызмат департаментинин кызматкери Улан Ашимов акырын кызматынан алынган. Эч кандай жоопкерчиликке тартылбай эле. Андан соң Ашимов жоголуп кеткен, социалдык тармактардан бардык аккаунттарын өчүргөн. Бирок Кыргызстандан кетпептир, менин “чалгын кызматым” аны Бишкектен байкап калыптыр.

Улан Ашимов

Консулдук кызмат департаментинин “фирменный” өзгөчөлүгү – анын кызматкерлеринин тейлөө көрсөтүү учурундагы жарандарга кылган орой мамилелери жана теңсинбестиги болуп саналат. Бул көрүнүш дал ушул кесипкөй эмес адамдар иштеген консулдуктарда байкалат, анткени алар дипломат эмес, жөн гана саясий кызыкчылык үчүн дайындалгандар. Бирок бул – такыр башка тема, – деп жыйынтыктайт биздин эксперт Кайрат Осмоналиев.

Булак: Дело№

Кыргызчалаган KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: