Menu

Путиндин маалымат жыйыны 23-декабрда өтөт

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путиндин жыл сайын өтчү маалымат жыйыны 22-декабрдан 23-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу орус мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, президент мындай чечимди Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов менен коштошуу иш-чарасына байланыштуу кабыл алган. Элчини акыркы сапарга узатуу зыйнаты бейшембиде болот. Анын сөөгү Анкарадан Москвага кечээ алынып келинген.

Шейшембиде Анкарага элчинин өлүмүн иликтөө үчүн орусиялык адистер барган. Түрк бийлиги дипломатка карата ок чыгарган мурдагы полициячы Мевлүт Алтынташтын шектелген 6 тууганы кармалганын билдирди. Ал өзү кол салуу болгон жердеги атайын операциянын жүрүшүндө атылып өлтүрүлгөн.

Түркия менен Орусия элчи Андрей Карловдун өлтүрүлүшүн эки өлкө ортосуна чагым салуу аракети деп баалашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: