Menu

Президенттин м.а. Садыр Жапаров коррупционерлерге мыйзамсыз кирешелерин казынага кайтаруу үчүн 30 күн убакыт берди

Бөлүшүү:

КР президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров коррупционерлерден мыйзамсыз кирешелерин 30 күн ичинде өз ыктыяры менен мамлекеттик казынага кайтарып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Садыр Жапаров расмий билдирүүсүндө айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформалар боюнча иштер башталгандыгын белгиледи.

“Бизге ишеним арткан жалпы  журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарылайм. Мунапыс берүү максаты: мамлекеттик бюджеттин ордун толтуруу, анын ичинде кошумча ресурстарды табуу. Өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге 30 күн берем! Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Жашырган мүлкүңөр жана капиталыңар жөнүндө ачыкка чыгарып, маалымат бергиле. Ачыкка чыгарылган мүлктүн жана кирешенин кол тийбестигине, жазанын бардык түрлөрүнөн бошотууга кепилдик берем. Мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат. Эгерде экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт” – деп айтылат маалыматта.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын акыркы 30 жылдык көзкарандысыздыгы мезгилинде коррупция адамдын жашоо-чөйрөсүндөгү бардык тармактарга кеңири жайылган. Ал коррупционерлерге кирешесин жана мүлкүн легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берүү бир жолку иш-чара экендигин баса белгилеп, республиканын экономикасына инвестиция салууга чакырды.

“Эскерте кетсем, бул иш-чара бир гана жолу болот. Ошондуктан жогоруда аталган адамдар жакшылап ойлонуп, капиталына жана мыйзамдуу жүгүртүүдөн чыгарылган мүлкүнө мунапыс алуу үчүн ушул учурду колдонуп калышы керек” – деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы 4-октябрдагы шайлоодон кийин парламентке өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү Бишкекте башаламандык уюштурушкан. Премьер-министр Кубатбек Боронов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кызматтарынан кетишкен. БШК шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп таап, бүгүн  кайрадан өтүүү парламенттик шайлоону ушул жылдын 20-декабрына дайындады.

Парламенттин спикери болуп Канат Исаев, ал эми митингге чыккандар тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланган. 15-октябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Жапаровго өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: