КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнөн акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылууга катышкан белгисиз адамдарды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Курулуш материалын сатып алуучулардын атын жамынган бул адамдар ишкер менен жолугушуу уюштуруп, анын жүрүшүндө физикалык кысым астында 3800 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алышкандыгы аныкталды. Мындан тышкары, алар жок деп болжолдонгон 100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү карызы жөнүндө квитанцияны ай сайын 20 миң АКШ долларын төлөп берүү менен жазууга аргасыз болушкан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
2020-жылдын 31-октябрында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар 1984-жылкы А.М.Р, 1990-жылкы К.Б.Ж, 1994-жылкы А.Э.Ж, 1990-жылкы Ш.у.Б.
Кармалгандар КРнын УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда. Ошондой эле тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ