Menu

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүнүн камалышын саясий интрига деп атады

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүнүн камалышын саясий интрига деп атады. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда адвокат Таалайгүл Токтакунова УКМКнын имаратындагы нааразычылык акциясына чыккандарга билдирди.

Курсан Асанов өзүн күнөөсүз деп эсептейт жана эмне үчүн камакка алынганын түшүнбөйт. Адвокат белгилегендей, 5-6-октябрь күндөрү болгон башаламандыктар боюнча кылмыш ишин тергөө мыйзамдуу эмес, саясий чөйрөдө жүрүп жатат.

Курсан Асанов, адвокаттын айтымында, Ички иштер министри кызматына киришкен эмес, бирок башаламандыктардан кийинки алгачкы күндөрү тартипке келтирүү жана Бишкекте талап-тоноочулукка жол бербөө үчүн координациялык кеңеш тарабынан убактылуу дайындалган.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту 29-октябрда Курсан Асановду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алган. Министрдин мурунку орун басары 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктан кийин кармалган. Ал, башка айыпталуучулар сыяктуу эле, башаламандык уюштурган деп айыпталууда.

Бул ишке Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбеков дагы катышты. Үй камагына чыгарылган Султанбековдон башкасынын бардыгы азыр камакта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: