Menu

Өмүрбек Бабанов: “Мени менин квотам менен тизмеге кирген депутаттар сатып кетишти”

Бөлүшүү:

Саясий ишмер Өмүрбек Бабанов бүгүн, 2-ноябрда “Ыңгайсыз суроолор” программасынын эфиринде 2017-жылы эмне себептен саясаттан кеткенин айтты.

Алып баруучу саясатчыдан Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы президенттик дебат учурунда шайлоодо жеңишке жеткенден кийин коррупцияга каршы күрөш Бабановдон башталат деген билдирүүсү жөнүндө кеп козгоду.

«Сооронбай Жээнбеков талапкер катары мени саясий куугунтукка алам деди. Чет жерде жүргөндө мен анын сөздөрү жөнүндө көп ойлондум. Шайлоодон кийин ал Кыргызстанда 10 гана күн болгом, чет өлкөгө эс алганы кеткенден кийин Он-Адырда сүйлөгөн сөз үчүн иш козголду. Андан кийин Алмаз Шершенович экөө (Жээнбеков) “1 жыл келбесин, мамлекетте тынчтык болсун, эч бир партиялашына, жакындарына тийишпейбиз” деп айтышкан. Мен макул деп, бир жыл сыртта жүрдүм”, – деди Бабанов.

“Бирок менин кетишимдин эң негизги себеби менин депутаттар болду. “Шофер” Илмиянов аларды Башкы прокуратуранын кабинетине чакырып алып, мени фракциянын лидерлигинен кетирүү боюнча кол топтой баштаган. Ошондо президенттик шайлоодо чогуу иштешкен, ишенген адамдарым, “мени фракциянын лидерлигинен” кетсин деп кол коюп жаткандыгы, мага чоң сокку болду. Шайлоодон утулганда андай болгон жок, анткени ал жерде күрөш болду. Ал эми жаныңда жүргөндөр, тилектештериң сатып жатканы чоң сокку болду” – деди Бабанов.

Алып баруучу “кимдер жөнүндө сөз кылып жатасыз?” деп тактады.

“Мен депутаттарым жөнүндө сөз кылып жатам. “Республика – Ата-Журт” партиясындагы менин квотам менен келген депутаттар жөнүндө айтып жатам. Алардын аты-жөнүн айткым келбейт. Мен алардын абийирин сактам калам деп, саясаттан кеткем. Себеби, партияны сактап калыш керек болду. Партия ал эле депутаттардан турбайт, 100 миңден ашык мүчөлөрү бар. Бул жолку шайлоого барганда ошолордун бары тизмеге кирген жок” – деди Бабанов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: