Menu

Гүлшайыр Садыбакасова: “Эркинтайым бүгүн 19 жашка чыкмак”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрда КРнын эл артисти, “Кыз-Бурак” продюсердик борборунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын жалыз уулу Эркиндин туулган күнү. Бул тууралуу Гүлшайыр Садыбакасова Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазып, уулу 19 жашка толмок экенин айтты.

“19 жаш , ойносо оюнга, күлсө күлкүгө, эркелесе эркеликке кыялданса кыялга тойбогон учур.. Бүгүн биз, жакындарың сенин туулган күнүңдү белгилеп олтурабыз… Сенин кылык-жоруктарыңды, мүнөзүңдү, пейилиңди, баскан-турганыңды, чукугандай сөз тапкан чечендигиңди, кандай гана суроо болсо жообу даяр билермандыгынды, 4 чет тилде эркин сүйлөгөн өзгөчөлүгүндү, музыкага болгон чексиз сүйүүңдү, билимге болгон ынтызарлыгыңды, кээ бир кырдаалдарда “Апам билбесинчи”-деп мени аяган учурларынды, Сайкал эжекеңе сөйөнүп акыл -насаатын угуп, сырларыңды бөлүшүп, бош боло калсаң эжекеңе жардам берип жанында болгондугунду… айтор, сен жөнүндөгү жагымдуу эскерүүлөр такыр түгөнбөчүдөй… Башкача бала элең… Францияда билим алып, Америкада жашагың келчү…” – деп кайгырып эстейт апасы.

“Не дейин каралдым, козутайым, шумкарым, эркетайым максат-тилектериң орундалбай калды… Айла жок , аллахтын айтканына баш ийет экенбиз … Өмүр жашың чектелүү экенин бир гана жаратканым билет турбайбы?.. Эркинтайым, сен арабызда жок болсоң да, биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайсың… Аллахым акыретиңди абат, топурагыңды торко, ыйманыңды саламат кылсын! Жаратканым жаннаттан орун берип, бейиштин багында өзүң теңдүүлөр менен ойноп-күлүп жүргөндү насип кылсын!” – деп жазган Гүлшайыр Садыбакасова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: