6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек акысыз иштейт деген чечим бар. Бул тууралуу шайлоону кийинкиге калтыруу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында парламенттик отурумда билдирди.
Ошондой эле Акылбек Жапаров билдиргендей, бул маселе профилдик комитетте талкууланды, комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү аны колдошту, бирок аны мыйзамдуу жол менен жол-жоболоштуруу керек.
“Эгерде парламент колдоп бере турган болсо, мындан ары депутаттар айлыгын албайт, ЖКнын аппаратынын кызматкерлери ала берет” – деди Жапаров.
Акылбек Жапаровдун сөзүнөн кийин Евгения Строкова чыгып, “Эгерде жаңы парламент шайланса, ал дагы акысыз иштейт беле?” деп кызыкты.
“Көпчүлүктөн айырмаланып, Аида Камчыбековна, мен, Осмонова, Айнуру Тойчиевна биз бир гана айлык маянын эсебинен жашайбыз. Биздин активдерди текшерсеңиздер болот”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ