Ошто эркек киши аялын сабап өлтүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эркек аялын эки күн мурун сабап, бүгүн, 22-октябрда ал алган жаракатынан улам көз жумганы такталды. Аялын сабап өлтүргөн эркек киши Бишкек шаарында кармалды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул фактыны тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, адам өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы А.А. кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө аял алган жаракатынан улам көз жумганы белгилүү болду. Аялынан тышкары, анын апасы дагы сабалган. Ал ооруканада оор абалда жатат. Күбөлөрдүн айтымында, маркум кош бойлуу болгондуктан, жакын арада төрөшү керек болчу. Айрым маалыматтарга караганда, киши өлтүрүүгө түрткү болгон нерсе, кызганыч болгон. Бул факт текшерилип, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ