Menu

Владимир Путин: “Кыргызстанда болуп жаткан окуялар – бул кыргыз элинин башына түшкөн балекет, кырсык”

Бөлүшүү:

Россия Кыргызстандагы окуяларга аяныч жана тынчсыздануу сезими менен карай албайт, бирок кеңеш, көрсөтмө жана өлкөдөгү айрым саясий күчтөрдү колдоп кийлигишпейт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин “Валдай” дискуссиялык клубунда сүйлөп жатып билдирди.

«Албетте, биз ал жерде болуп жаткан окуяларга тынчсызданбай коё албайбыз. Бирок биз кийлигишип, аралашпайбыз. Биз кеңештерди, көрсөтмөлөрдү берип, айрым жеке саясий күчтөрдү колдогон жокпуз. Кыргызстанда баары бир нукка салынып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам” – деди Путин.

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды “кыргыз элинин башына түшкөн балакет, кырсык” деп атады.

Кыргызстанда 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы массалык нааразычылык акциялары башталган. Митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунан кийин, парламентке өтпөй калган оппозициялык партиялардын тарапкерлери Ак үйдү басып алышкан. Кагылышууларда 1,2 миңден ашуун адам жаракат алып, бирөө каза болду.

Нааразычылыктардын шартында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кайра шайлоо 20-декабрга белгиленди.

15-октябрда өлкө президенти Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткенден кийин республикада кырдаал турукташты. Нааразычылык акциялары токтоду. Мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн.

Булак: РИА Новости

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: