Menu

Сардабада көпүрөлөрдү оңдоп жаткан жумушчулар жайдан бери айлык акы алыша элек

Бөлүшүү:

Сардаба суу сактагычында дамба жарылгандан кийин талкаланган көпүрөлөрдү оңдоп жаткан «Өзбекстан темир жолдору» ачык акционердик коомунун жүздөгөн жумушчусу августтан бери айлык акы ала элек.

– Биз төрт көпүрөнү оңдодук, Сардабадагы талкаланган үйлөрдү калыбына келтирдик. Бирок августтан бери айлык акы төлөшө элек, – деди жумушчулардын бири.

Бул арада Гүлистан шаарындагы «Алпомиш» спорткомплексин оңдоп жаткан ушул эле компаниянын элүүдөй кызматкери да маяна берилбей жатканына нааразы. Спорткомплексте 7-октябрда кислород баллону жарылып кеткен.

– Башында биз Сардабада иштедик. Андан соң элүүдөй жумушчуну Гүлистонго жөнөтүштү. Эки айдан бери бизди алдап, айлык бербей жатышат. Биз бул жакка үйүбүздү, үй-бүлөбүздү таштап коюп келдик. Вагондордо жашап, оор шартта иштеп жатабыз, – деди “Өзбекстан темир жолдорунун” кызматкерлеринин бири.

Компаниянын кадрлар бөлүмүнүн өкүлү бул маалыматты тастыктап, банкта акча жок болуп жатканын айтты.

Буга чейин Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы «Uzbekistan GTL» заводун куруп жаткан «Enter Engineering» компаниясынын миңдеген жумушчусу башаламан нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Жумушчулар заводдогу иштөө шартына, айлык акы жана тамак-аш убагында берилбегенине нааразы болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: