Menu

Видео – ИИМ БМЖККК: Баңгизаттарды ташыган туруктуу каналга бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

ИИМ БМЖККК: Баңгизаттарды ташыган туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын аймагына, андан соң башка өлкөлөргө Тажикистан Республикасынан афган түспөлүндөгү баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунда жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сактоого шектелип Лейлек районунун жашоочулары 1977-жылы туулган А.Ш. менен 1972-жылы туулган Р.К. кармалган.

Кармалган жарандар баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

Андан сырткары, кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган.

Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү гашиш табылып алынган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Тактама: көмүскө базарда жогорудагы алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 70 000 АКШ доллар турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: