УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев мурда өлүм жазасына тартылгандарды кармаган жертөлөдө кармалып жатат.
Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш ишине: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча тиешеси бар. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган.
Жогорку Сот 21-октябрда Атамбаевдин Батукаевдин ишине байланыштуу өкүмүн карашы керек болчу, бирок сот отурумун 16-ноябрга жылдырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ