Menu

Өзбекстанда шамалдан жабыркаган ишкерлерге бөлүнгөн каражат бериле элек

Бөлүшүү:

Быйыл апрелдин аягында катуу шамалдан талкаланган Бухара облусунун Алат районундагы жүздөгөн күнөскана дале калыбына келтириле элек.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн президент Шавкат Мирзиёевдин жарылыгы менен мамлекеттик бюджеттен 100 миллиард сум (9,6 миллион доллар) бөлүнгөн. Мындан тышкары Каржы министрлигине кошумча каражат табуу боюнча тапшырма берилген.

Бирок күнөскана ээлери бизнестерин калыбына келтирүү үчүн эч кандай жардам алышпаганын, бөлүнгөн акча уурдалып кеткенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, көбү 2018-жылы кабыл алынган «Ар бир үй-бүлө — ишкер» программасынын алкагында күнөскана куруу үчүн насыя алышкан. Азыр эми насыяларын төлөй албай, күрөө катары койгон мүлктөрүнөн ажырап калуу алдында турушат.

Район башчысынын орун басары аталган программанын алкагында насыя алган 339 ишкер күнөсканаларын камсыздандырбаганын билдирди.

– Буга карабастан мамлекет 320 ишкерге металл конструкциясын калыбына келтирүүгө көмөктөштү. Камсыздандыруу компаниясы жардам катары 110 миллион сум бөлдү. Мындан тышкары күнөскана ээлерине 300-800 миң өлчөмүндө бөлүп бердик», — деди акимдин орун басары.

Бирок ишкерлер мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат ортодон уурдалганын билдиришүүдө. Алар бул боюнча текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага, президенттик порталга, Сенатка жана Олий Мажлиске кайрылышканын, бирок эч майнап чыкпаганын кошумчалашты.

Быйыл 27-апрелде болгон катуу шамалдан Өзбекстандын Түркмөнстан менен чектешкен Бухара облусу катуу жабыркаган. Кырсык болгон күндүн эртеси аймакка барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан Шавкат Мирзиёев кесепеттерди жоюу үчүн зарыл болгон каражат бөлүнөрүн убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: